Кечээ 17-декабрь күнү саат 14:38дер чамасында Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 куркаруучу майор У. Мурзамуратовдун башчылыгында чыгып, саат 15:11де аталган взводдон кошумча дагы 11 куткаруучу капитан И.Балтаевдин башчылыгында чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлаган.
Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу (шахтер) аман-эсен куткарылды.
Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.