• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайлдабекова: 10-январда референдум менен шайлоо бир өтөт

15 Бештин айы 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда БШКнын төрайымы билдирди.

Анын айтымында, референдумга үгүттөө дайындалган күндөн тарта башталат.

«Референдум 10-январга белгилеген. Бул күнү президенттик шайлоо да өтөт. Анда президенттик республика, парламенттик республика, бардык варианттарга каршы деген тандоо коюлат. Экөөнү чогу өткөрүүгө БШКнын тажрыйбасы бар. Добуш берүү үчүн эки урна коюлат. Биринчи урнага президенттик шайлоо, экинчи урнага референдумдун добуштары салынат»,-деди Шайлдабекова.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган. Мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум тууралуу мыйзам долбооруна президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 11-декабрда кол койгон. Конституция боюнча бул мыйзам кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 66