Учурда БШКда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу маалымат берилип жатат.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сактоочу серверге тиешелүү адистерден башка бөлөк адамдар кире албай турганын айтты.
«Бул боюнча БШК аппаратында атайын жоопкерчиликтүү башкармалык бар. Серверге үч киши гана биометрикалык идентификация аркылуу (бармак изи менен) гана кирет. Бөлөк адамдар кире албайт. Бизде ыйгарым укуктуу органдардын жана мыйзамдардын негизинде сервердин коопсуздук регламенти иштейт», — деди ал.