• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлдабекова: Оштогу үч тилкеде добуштар кайра саналып, мурункудай жыйынтык чыкты

21 Үчтүн айы 2021 16:29 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелериндеги добуштарды кайра санап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Ош шаарындагы аталган шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар кайра эсептелишин талап кылып, Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлү арыз жазган.Асанов өзү үчүн добуш берген кишилердин аты-жөнүн сунуш кылып, бирок алардын саны аталган тилкелердеги добуштарга дал келбей жатканын билдирген. Буга байланыштуу аталган тилкелердеги добуштар кайра саналып, мурункудай эле жыйынтык чыкты»,-деди Шайлдабекова.

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 17 талапкер ат салышкан. Ал эми Курсан Асанов 0,49% добуш алган.

Количество просмотров: 47