• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Шайлдабекова: Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө бюллетендер басылууда

23 Бештин айы 202015:04 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө бюллетендер басылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Президенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоо жана референдум бир күндө 2021-жылдын 10-январында өтөт.

«Кечээтен баштап бюллетендерди басуу иштери башталды. Ал мамлекеттик «Учкун» мекемесинде жүрүүдө. Бюллетендерди басуу жогорку отчеттуулукту талап кылгандыктан өкмөт атайын мекемелерди бекитет. Анда «Учкун» ишканасы жазылган. Бюллетендер басылып бүткөндөн кийин шайлоо тилкелерине берүү ачык-айкын болот», — дейт ал.

Шайлдабекова кошумчалагандай, учурда 18 талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө.

«Жакын арада дебаттар өткөрүлөт. Ал эки этапта жүрөт. 1-этап 28-29-декабрь аралыгында, 2-этап 6-8-январь күндөрү КТРК каналында өтөт. Ошондой эле референдум боюнча үгүт иштерин жүргүзүү үчүн топтордун арыздары түшүүдө. Катталып бүткөндө аларга да акысыз эфирдик, басылма аянттар түзүлөт жана чучукулактын негизинде дебаттар өткөрүлөт», — деп белгиледи БШКнын төрайымы.

Эскерте кетсек, буга чейин БШК референдум боюнча «баарына каршы» жана «парламенттик республика» топторун каттаган.

Количество просмотров: 51