Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө референдум өттү деп таанылды.
«10 шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылды. Президенттик башкаруу формасы үчүн 1 136 155 шайлоочу добуш берген. Бул – 81,49%, парламенттик башкаруу формасы үчүн 152081 шайлоочу. Бул – 10,91%, баарына каршы 62 265 шайлоочу. Бул – 4,47%»,-деди Шайлдабекова.
Кошумчалай кетсек, мыйзам боюнча референдумду өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек. Референдумда өлкөнүн башкаруу формасы аныкталат.
Анда төмөнкү варианттар сунушталган:
-президенттик башкаруу;
-парламенттик башкаруу;
-бардык варианттарга каршы.