• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайлоо-2021: 3,5 миллиондон ашуун шайлоочу добуш бере алат

6 Үчтүн айы 2021 10:36 Бишкек Govori.TV

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүүчүлөрдүн саны 3 563 574 болду. Шайлоочулардын эң акыркы тизмеси 2-январь күнү бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси БШКнын tizme.gov.kg. порталына жарыяланган. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандар даярдалууда.
БШКнын маалыматына караганда добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйдү.

Байкоочулар ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертишүүдө.

Количество просмотров: 126