• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо-2021: Момбеков жарыштан четтетилди

24 Жетинин айы 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарды. Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү кабыл алды.

БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген.

Буга чейин УКМК Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Анда Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон деп кабарланган.

Количество просмотров: 230