• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо-2021: Таласта митинг өтүүдө

30 Жетинин айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында бир мандаттуу №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыгышты. Алар шайлоодо талапкер Дастан Жумабеков добуш сатып алган деп айтып, аны шайлоодон четтетүүнү талап кылууда.

Дастан Жумабеков аталган округдан талапкерлигин койгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштарды санаган автоматташтырылган системасынан алынган алгачкы маалыматка караганда, Жумабековду шайлоого баргандардын 39.37% колдогон. Дагы бир талапкер Мирлан Нарбековго добуш бергендердин саны БШКнын сайтында 38.99% деп турат.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 1679