Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутат Дастан Жумабековдун кызматтан кетүү тууралуу суроосуна жооп берди.
Депутаттын айтымында, Министрлер Кабинетинин башчысынын бүгүнкү отчету коштошуп жаткандай элес калтырган.
«Не дождетесь деп айтайын деп уялып жатам. Эмдиги жылы отчеттор мындан дагы жакшы болот. Кудайдын буйругу, анан президенттин чечими Президенттин ишеними канча күнгө болсо, ошончо иштейбиз. Садыр Нургожоевич айткан, эң көп иштеген премьер министр болосуз деп, ошого жакындап баратат окшойм», — деди Акылбек Жапаров.