Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков кыргыз тилин өнүктүрүүнүн бир жолу катары «Кыргызтесттин» ишин күчөтүүнү атады.
Депутат ошондой эле өз сөзүндө балдарга кыргыз тилин окутуунун методикасын карап карап чыгуу керектигин кошумчалады.