• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоо-2021: Өзүн-өзү көрсөткөн алгачкы аял талапкер катталды

28 Аяк оона 202115:44 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн алгачкы аял талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Юлия Лилиенталь №13 Сузак округунан ат салышат. Ушул эле округдан азыркы депутат Тазабек Икрамов да өзүн-өзү көрсөттү.

БШКнын маалыматы боюнча, 28-сентябрга карата 40 талапкер шайлоого (өзүн-өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди.

Количество просмотров: 1587