• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шайлоо: Алгачкы добуш берүү участогу Южно-Сахалинскте ачылды

10 Үчтүн айы 2021 8:48 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 03.00) Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңсесинде №9013 шайлоо участкасы ачылган, Южно-Сахалинск ш., Мир проспектиси, 2б / 5.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабык болот. Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде КРын 851 жараны катталган.

«Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда консул Б.Асаналиевге кайрылыңыз. Байланыш телефону: 89778529098. Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек — Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту. Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 44