Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала эсептөөлөрү чыгып жатат. Кечки саат 20.30га карата шайлоочулардын 45,54 пайызы добуш берүүгө катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жер-жерлерден келген жыйынтыктар менен таанышып жаткан чагы. Кайсы партия канча добуш алганы тууралуу маалыматты карашууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, алдыңкы катарда «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Мекенчил» партиялары келатат.
Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алган партия парламентке келет.