• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоо босогосу 5%га көтөрүлгөнү айтылды

28 Теке 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга келгенде шайлоо босого чекти беш пайызга көтөрүү сунушталды.

Эл өкүлү эмне себептен өзгөртүлгөнүн сурады.

«Аталган мыйзам биринчи окууга келгенде шайлоо босогосу 3 пайыз эле, экинчи окууда 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби же эмне болду, айткылачы? Эмне үчүн 2 пайыз кошулуп калды? Октябрда бир миллионго жакын добуштар күйүп кеткен. «Мекенчил» партиясынын 132 миң, «Республиканын» 120 миң, «Ата Мекендин» 80 миң, «Бир Болдун» 60 миң добушу күйгөн. Анан ыңкылап чыккан. 5 пайыздык босого менен да ошондой болбойт деп ким кепилдик бере алат. Муну менен бечара партияларды чаап жатпайсыңарбы. Азыр демилге өтпөй калса эмне кыласыңар? Залда 50 депутат отурат, 10у каршы болсо, дагы 40 добушту каяктан табасыңар, дагы чайга чакырабы?» — деди Момбеков.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Сулайманов 5% пайызды депутаттар тармактык комитетте сунуштаганын билдирди.

Количество просмотров: 87