• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү биринчи окуудан өттү

21 Тогуздун айы 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кесиптештерине бул үчүн ыраазычылыгын билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунушталган.

Шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузуулар менен коштолгонун көпчүлүк партиялар билдиришкен. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Кыргызстанда бийлик толук алмашкан. 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз каалоосу менен тапшырып, анын милдетин парламент өкмөт башчы кылып шайлаган Садыр Жапаров жетектеп калган.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2669144873400737&id=100009157502005
Количество просмотров: 66