• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоо бюллетендерин басып чыгарууга 20 миллион сом сарпталат

8 Тогуздун айы 20249:46 Бишкек Govori.TV

БШК шайлоо бюллетендерин басып чыгарууга дээрлик 20 миллион сом коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы суммасы 19 миллион 684 миң 500 сомдук 5,5 миң үч түстүү картридждерди жана бюллетендерди басып чыгаруу үчүн кагаз түрмөктөрүн сатып алууга тендер жарыялаган.

Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 495 миллион 718,4 миң сомдук сметаны бекиткен.

Количество просмотров: 100