• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды

6 Үчтүн айы 202112:36 Бишкек Govori.TV

Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди.

«Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт», — дейт ал.

Количество просмотров: 60