Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 3-июнунда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети депутаттар тобу тарабынан шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт.
Иш-чарага депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.
Орду жана убактысы: Жогорку Кеӊештин жыйындар залы, саат 10:00.
Парламенттик угуунун күн тартибинде төмөнкү мыйзам долбоорлору турат:
— «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын крнституциялык мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
— «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
— «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».