ЖК төрагасынын орун басары, демилгечилердин бири Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоор боюнча түшүндүрмө таратты.
“Партия жоюлган жок. Ошол отуз округда партия өзүнүн талапкерин бере алат. Бирок, бир партиядан бирөө эле болот”, — деди Сыдыгалиев.
Вице-спикер парламенттик, президенттик дагы шайлоо өз убагында болорун кошумчалады. Кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылы өтөт.