• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоо жана референдум: «Жалпы иш» фонду 30 одоно мыйзам бузуу фактысын аныкташкан

10 Үчтүн айы 2021 18:27 Бишкек Govori.TV

Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо айрым тилкелерде мыйзам бузуу менен коштолууда. Шайлоо жараянына мониторинг жүргүзүп жаткан «Жалпы иш» коомдук фонду ушундай билдирүү таратты. Уюм өлкө аймагындагы 500 шайлоо тилкесине көз салууда.

«Жалпы иш» коомдук фондунун адистери шайлоо тынч өтүп жатканын белгилешти. Бирок алар добуш берүү башталган саат 8:00дөн 13:00гө чейин 30 одоно мыйзам бузуу фактысын аныкташкан. Алар шайлоо тилкелери убагында ачылбаганына, байкоочулардын жана шайлоочулардын укуктары тебеленгенине, техниканын иштешине жана уюштуруу иштерине байланыштуу.

Фактылар боюнча жергиликтүү шайлоо участокторунун башчыларына, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берилди.

5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар БШКнын координациялык тобуна жөнөтүлүп, күч түзүмдөрү териштире баштаган.

Добуш берүү күнү вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо жараянын уюштуруу катуу көзөмөлдө экенин, арыздар каралып, айрымдары аныкталбаганын билдиришти.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 62