• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайлоочулар бюллетендерди каробкага салып атышабы? ИИБдин жообу

11 Чын куран 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы №5413 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бюллетендерди каробкага таштап жатышканын сүрөткө тартып алышкан.

Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 09:50дө 2 шайлоочу бюллетенди электрондук урнага сала алышкан эмес, анткени урна бузулуп калган. Ушул учурда аталган шайлоочулар бюллетендерди жакын турган каробкага таштап, жумуштарына байланыштуу шашып чыгып кетишкен.

Жеринде урналардын бузулгандыгы тууралуу акт түзүлүп, оңдолгондон кийин бюллетендер урнага салынган.

Количество просмотров: 170