• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

2 Тогуздун айы 202016:25 Бишкек Govori.TV

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3 миллион 523 миң 554 кыргызстандык катталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Шайлоочулардын тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түзөт. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болчу», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Количество просмотров: 197