• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Шайлоодогу 2000ге арданабыз, аялы көйнөксүз калды». Матраимовдун өкүмү боюнча соцтармактагы кептер…

12 Бирдин айы 2021 12:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты.

Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды.

Сотто 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын прокурорунун, УКМКнын тергөө тобунун башчысынын жана Матраимовдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынганы, анда жаза чарасы айыппул түрүндө болору жазылганы айтылды.

Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору белгилүү болду.

Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылары айтылды.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Коомчулк мындай өкүмдү сын пикирлердин коштоосунда кабыл алды.

Количество просмотров: 330