• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоодо талапкер болуу ниетин 350дөй адам билдирди

20 Тогуздун айы 20259:12 Бишкек Govori.TV

19-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.

Количество просмотров: 127