• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган

1 Тогуздун айы 2020 16:13 Бишкек Govori.TV

Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 29-сентябрга карата шайлоо өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына 478,1 млн сом которулган.

«Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат”, — дейт ал.

Боронов мындан сырткары, шайлоону 91 телеканал, 27 радио, 59 гезит-журнал жана 77 интернет басылмалары чагылдыра турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 55