• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайлоонун эртеси: Жеңилүү ызасы, уткандардын мандат талашы…

16 Чын куран 2021 19:31 Бишкек Govori.TV

11-апрелде өлкө аймагындагы жергиликтүү кеңештерге жана жаңы конституциянын долбоору боюнч ашайлоо өттү. Ага жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы катышканы маалымдалды.

Шайлоо алдындагы күрөш катуу жүргөн Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босого чекти өткөн 6 партия, тагыраагы «Эмгек»,  «Ак Бата» , НДПК,»Ата Журт Кыргызстан»  «Ынтымак»  жана «Биздин эл» партиялары өттү.  Албетте акыркы учурда адатка айланып калган шайлоодон кийинки нааразычылык бул жолу да орун алды.

Ал эми айрым партия өкүлдөрү ачкачылык да жарыялап, БШКнын алдына чатыр тигип, күн-түнү олтурсак да мейли деп, өз талаптарын коюшту.

Шайлоодо утулуу ызаасын сезген партиялар нааразы кептерин айтып жатканда, утушка жеттик дегендердин ортосунда да талкуу жаралды. Алгачкы эле талаш мэрдик орундук болууда. Интернетте видео тарап, анда экс-мэрлер Түлеев, Суракматов жана ишкер Салымбеков жолугушуп мындан аркы кадамдары талкуулап жатышканы айтылды.

Ал арада бул видео тууралуу үн каткан «Ак Батанын» лидери Нариман Түлеев окуя тууралуу өз пикирин айтты.

 25 партия ат салышкан 45 мандат ээлери да азырынча күмөдүү. Дегеним Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын көбү баштапкы тизмесин өзгөртүп, талапкердин добуш алганына, капчыгына жараша мандат бөлүштүрүлөөрү айтылды.

Бирок айрымдар шайлоодо жеңишке жеткендерин себеби башка деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер өзү макул болгон учурда гана тизмени алмаштырууга болот дейт.

Вице-спикер Аида Касымалиева шайлоодон кийинки мандан талашуудагы кысымга айрыкча аялдар кабыла турганын кошумчалайт. Анын айтымында аял талапкерлердин укуктары айрым учурларда каралбай калат.

Ал эми шайлоодо алдыга чыккан партиянын мүчөсү Илим Карыпбеков ар бир партия өз тизмесин түзүүдө абройлуу адамдарды кошууга аракет кылаарын билдирди.

Деген менен учурда кайсы партия канча мандат алары белгилүү болгону менен алар депутат болчулардын тизмесин ачыкка чыгара элек. Айрым партия өкүлдөрү шайлоо күрөшү бүтүп партия ичиндеги пикир келишпестиктер, интригалар болуп жатканын тымызын сөз кылышууда.

Ал эми депутат Марлен Маматалиевдин айтымында  бул жергиликтүү кеңештерге шайлоо келээрки парламенттик шайлоого сабак болуусу керек.

Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы токтой элек. Айрым утулган партиялар кол топтоп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Ал арада БШК  бир нече аймактык тилкедеги добуш берүүлөр жокко чыгарылды. Ал эми расмий жыйынтык жакынкы 20 күндүн аралгында болмокчу.  

Количество просмотров: 211