Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, «Шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө» документ сунушталууда. Ага ылайык, буга чейин белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаз айларына жылдырылышы мүмкүн.
Ага чейин Конституцияга айрым өзгөртүүлөр киргизилет.