• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Шакиев: 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары акталышы керек

27 Кулжа 202413:13 Бишкек Govori.TV

1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары акталышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

“Бул саясий репрессиянын курмандыгы болуп, жапа чеккен ата-бабаларды актоого багытталган тарыхый чечим. Аталган чечим мурда эле кабыл алынышы керек болчу. Алсак, коңшу өлкөлөр жыл сайын репрессиянын курмандыгы болгон ата-бабаларынын ысымдарын актап жатышат. Тилекке каршы биз 30 жыл ичинде бүгүнкүдөй алгылыктуу чечимди кабыл албай келгенбиз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, ЖК репрессия курмандыктарын актоого байланышкан мыйзам долбоорун III окууда кабыл алды. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев, Н.Шакиев, Ч.Султанбекова, М.Самыйкожо, Ч.Айдарбеков, А.Маткеримов демилгелеген.

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Теги:
Количество просмотров: 129