• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шакиев Лукашенко менен жолукту

5 Тогуздун айы 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагас Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, быйыл эгемен эки мамлекеттин дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун эске салды.

«Эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Себеби, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын. Айрыкча Кыргызстан таза экологиялык айыл чарба продуктуларын Беларусь Республикасына экспорттоо менен катар инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар», — деген Шакиев.

Өз кезегинде Лукашенко мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, дүйнөдө болуп жаткан учурдагы абалга байланыштуу пикирин билдирип: “Биз гигант өлкөлөр эмеспиз, дүйнөлүк саясаттын багытын аныктай албайбыз. Бирок кайсы гана өлкө болбосун, анын өлчөмүнө жана масштабына карабастан, планетада калыптанып жаткан ландшафтка таасирин тийгизет”, – деп кошумчалаган Лукашенко.

Количество просмотров: 70