• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шакиев баштаган депутаттар Улуу Британияга барышты

4 Жалган куран 2024 15:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.

Количество просмотров: 77