• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Шакиев Жогорку Кеңештин дарегине айтылган сындарга жооп берди

16 Үчтүн айы 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш эң оболу мыйзам чыгаруучу негизги орган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Сереп Медиа» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Шакиев «парламенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарган, алсыз» деген сындар туура эместигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Өлкөдөгү чоң-кичине маселелердин баары ошол трибунада айтылат. Бизде болсо бул көрүнүш абдан эле активдүү. Албетте Жогорку Кеңеш эң оболу мыйзам чыгаруучу негизги орган. Анан ошол чыгарылган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү функцияга да ээ. Бул абдан маанилүү. Айрымдар айтышат азыркы парламенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарган, алсыз деп. Аталган сын такыр туура эмес. Бүгүнкү Баш мыйзамыбызда парламенттин таасири, укуктары, милдеттери абдан жогору жана кубаттуу. Демек жетиштүү. Бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыздоого Жогорку Кеңештин таасири жана мүмкүнчүлүктөрү жетет. Тек гана биз бүгүн түрдүү саясий интригалардан оолак болуп элибизге, өлкөбүзгө керектүү мыйзамдарды кабыл алууга жана саясий туруктуулукту камсыздоого көбүрөөк көңүл буруудабыз. Эгерде парламент ар кандай саясий оюндар менен интригалардын чордонуна айланса, анын кесепети кандай болорун тарыхыбыздан көп көрдүк. Азыр бизге эч кандай саясий оюндардын кереги жок. Биз эл өкүлдөрү саясий туруктуулукту камсыздап, экономикалык жактан өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырып, элибиздин жашоосун жакшыртуубуз зарыл. Бүгүн президентибиз баштаган аткаруу бийлигине зарыл мыйзамдарды, чечимдерди өз убагында кабыл алып, өнүгүүгө карай умтула берүүбүз керек»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 103