• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шакиев: Бишкектин 4 районун тез арада кыргызча аташыбыз керек

25 Жетинин айы 2022 12:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай башталды. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келген.

Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев чогулгандардын алдында сөз сүйлөп бир катар өлкөдөгү аткарылган иштер жана ЖК тарабынан кабыл алынып берилген мыйзамдар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле төрага өз сөзүндө кыргыз тилинин ролу, өнүктүрүүгө багыттылган иштер тууралуу да айтты.

«Биз тил деп тилибиз тешилгенче айткан менен чынында тилге күйүү, аны өнүктүрүү максатка ылайык жүргөн жок. 33 жылда алгылыктуу натыйжа болгон жок. Биз сөздөн ишке өтүшүбүз керек. Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек. Кыргыз тилин билбөө уят деген ураан менен жашашыбыз керек. Биздин өлкөбүздө тилекке каршы көпчүлүк аймактырыбызда дагы да башка тилде, башка аталышта жер-сууларыбыз бар. Биз ошону тез арада кыргызчалашыбыз керек. Анын бири мына баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызчалашыбыз керек», — деди төрага.

Количество просмотров: 704