• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шакиев Кемаль Ататүрктүн күмбѳзүнѳ барды

22 Жетинин айы 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы расмий иш сапары Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбѳзүнѳ гүлчамбар коюу менен башталды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, андан соң төрага мавзолейдин Ардак китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды. Ошондой эле делегация Боштондук согушуна арналган музейди көрүштү.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барды.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Количество просмотров: 180