• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шакиев министрден кыргыз тилинде баяндама жасоону талап кылды

15 Бештин айы 202212:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутмановага орус тилинде баяндама жасоого уруксат берилген жок.

Ал эми Кутманова баяндамасы расмий тилде даярдалганын айтты.

 «Сиз орусча баяндама жасоого кимден уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес?» — деди Шакиев.

«Депутаттардан, төрагадан», — деди ал.

Кийин Динара Кутманова баяндамасын кыргызча улантты.

Количество просмотров: 93