Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев жана Жамиля Исаева катышты.
Төрага Нурланбек Шакиев өтүп бара жаткан жылда жасалган иштерге токтолуп, парламенттин ишин алдыга жылдырууда Аппарат кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.
Андан тышкары, жыйында Жогорку Кеңештин ишин уюштуруудагы айрым маселелер талкууланып, кийинки жылда жасалуучу иштер тууралуу сөз болду. Тагыраагы, парламенттин ишин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерлер айтылды.