• Дүйшөмбү 11 Бештин айы 2023
  • Понедельник 11 Декабрь 2023

Шакиев тууну өзгөртүү сунушу боюнча комментарий берди

31 октября 2023 в 11:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча журналисттердин суроолоруна учкай комментарий берди.

Анын айтымында, коомчулуктун пикири дагы эске алынат.

«Албетте, социалдык тармакта талкуу болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар. Алардын баарын карайбыз. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз», — деди ал.

«Бул демилге өзүңүздүкүбү?» деген суроого «албетте» деп жооп берди спикер.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.

Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Количество просмотров: 719

Кайсы министр жакшы иштеди?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда