• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Шакиев: Журналисттер менен блогерлерди бөлүп кароо керек

14 Аяк оона 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрда “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелчиликтер” аталышындагы тегерек стол өттү. Анда журналисттер, укук коргоочулар, медиа эксперттер, депутаттар «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана анын ЖМК ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын терс жактарын жоюп, орток пикир табуу керектигин билдирди.

«Журналисттер менен блогерлерди бөлүп кароо керек. Анализ жүргүзүп көрсөк, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын келип чыгышы жоопкерчиликсиздиктин айынан. Сөз эркиндигин ашкере пайдаланып, ушул сыяктуу жагдайлар күч алып бара жаткан учурда аталган мыйзам кабыл алынган экен. Мыйзам кабыл алынды, бирок кемчилиги абдан көп. Анын терс жактарын кантип жоюшубуз керек? Бул боюнча жакшы сунуштар айтылып жатат. Сөз эркиндиги бар, жок эмес. Мыйзамда алишемдиктер бар, орток пикир табышыбыз керек»,-деди ал.

Количество просмотров: 376