• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Шакиевди Өзбекстанга кайсы депутаттар коштоп кетти?

25 Аяк оона 2023 17:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Количество просмотров: 119