• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шалта айылында сугат суусу жоктугунан жерлер кургап, түшүм күйүп жатат

13 Баш оона 2018 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018. Govori.TV

Бишкекке жакын жайгашкан Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынынын тургундары эгин талааларында сугат суунун жоктугун айтып нааразы. Алардын айтмында бул айылда сугат суусунун жоктугу көптөн берки көйгөйлүү маселелердин бири.
«Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматын аркалап турган маалда биздин айылга келип суунун тартыштыгын өз көзү менен көрүп кеткен. Ошондо суу маселесин чечүүгө 9 млн ашуун каражат бюджеттен бөлүнөт деп убадалаган. Бирок жергиликтуу атка минээрлер бул акчаны жең ичинен кымырып алыштыбы, же шалаакылык кылып туура багытка сала алышпадыбы ким билсин, иши кылып суу тартыштыгы ошол бойдон чечилбей турат. Мына азыр суу жоктугунан жердин баары сапасары болуп күйүп турат. Суу болсо бул жер көк шибер болбойт беле? Эми суу жетишпесе күзундө кандай түшүм алабыз билбейбиз», — дешет каңырыгы түтөгөн Шалтанын тургундары.
Алардын айтмында учурда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кенештин депутаттарына кайрылуу даярдап жатышат, эгерде суу маселеси дагы деле чечилбесе, нааразычылык акциларын уюштурууга даярбыз дешет.

 

Количество просмотров: 74