Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 23-майда экс-вице-премьер, ИИМдин жана УКМКнын мурунку башчысы Шамил Атахановдун баш коргоо чарасы каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26 июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Атаханов убактылуу кармоочу жайынан №1 СИЗОго которулат.
Эске салсак, Шамил Атаханов 21-майда кечинде «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган.
Ал ИИМди жана УКМКны жетектеген. 2013-жылы апрель айында Батукаев камактан боштулганда Атаханов вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган.