Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган экс-вице-премьер Шамиль Атаханов аны камерада жалгыз чыптамачан кармаган милиция кызматкерлерине арызданды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шамиль Атаханов арызында ага карата кыйноолор болбогонун, бирок укуктук бузуулар орун алганын жазган. Камакка алуу токтомун ал 21-майда алган. Анын айтымында ал ага чейин эки жолу инфаркт болгондуктан, медициналык күбөлөндүрүү өткөрүүнү сураган. Бирок, укук коргоочулар анын бул өтүнүчүн көз жаздымда калтырышкан. Атахановдун туугандары ага кечээ кийим-кечээ өңдүү жеке буюмдарын берип жиберишкен, бирок камерага аларды бүгүн гана алып келип беришиптир.
Экс-вице-премьер убактылуу кармоочу жайдын камерасында жууркан болбогонун айтып, мындан сырткары, ага дары-дармек берүүдөн да баш тартышкан.
Атахановдун арызы Бишкек шаардык прокуратурасына жиберилген. Бишкек шаардык милициясы жана Ички иштер министрлиги бул билдирүүгө жооп кайтара элек.
Эске салсак, Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча шектүү катары 21-майда камакка алынган.
Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыккан» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Кримтөбөл ошол эле күнү чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Анын түрмөдөн чыгышы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жөнүндө талаптардан кийин ошол кезде күч органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан кеткен.