Бишкектин Биринчи май райондук соту “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында компаниянын негиздөөчүсү, мурдагы депутат, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго ачылган иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жана Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди.
Ага тандалган сырттан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.
Ички иштер министрлиги 2023-жылдын сентябрь айынан бери Шаршенбек Абдыкеримовду беш кылмыш ишинин негизинде айыптап жатат.
Биринчи май райондук соту Шаршенбек Абдыкеримовду былтыр 8-сентябрда сыртынан камакка алган. Ал азыр АКШда экени айтылып жүрөт.
Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “Аю Холдинг” ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевге жана беш кызматкерине өкүм чыгарылган. Алар андан кийин мунапыс менен жазадан бошотулган.