• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шашылыңыз! «Ардактуу турист» наамына сынак жарыяланды

29 Бугу 2020 16:00 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын 10 жерин кыдырган жаранга «Ардактуу турист» наамын ыйгарат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ички туризмди жандандыруу үчүн министрлик конкурс уюштурууну чечкен.

«Сынактын катышуучулары аталган объектилерге барып жанынан сүрөткө түшүп, министрликтин электрондук дарегине же «Уникалдуу Кыргызстан» хэштеги менен соцтармакка жүктөшү керек», — деди Жаманкулов.

Сынакка катышуу үчүн жарандар төмөнкү 10 жерге барышы керек:

«Бурана» комплекси;

«Өзгөн» мунарасы

«Таш-Рабат» тарыхый комплекси;

«Сары-Челек» коругу;

«Манас» күмбөзү;

Сан-Таш;

«Сказка» каньону;

«Арстанбап» жаңгак токою;

Сулайман-Тоо;

«Шах-Фазиль» комплекси.


Кошумчалай кетсек, мындан ары бул сынак жыл сайын уюштурулуп турат.

Количество просмотров: 121