20-февралдан 23-февралга чейин өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, 22-23-24-февралда абанын температурасы төмөндөйт.
Аймактарда төмөнкүдөй аба ырайы күтүлөт:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз -2…+3°;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2°…+3°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…-5°, күндүз -2…+3°;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°.