• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

19 Чын куран 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

  21-22-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 8084