Жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Батыштан келген ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуу, көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуу сунушталат. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына билдирүү керек.