• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте катуу шамал болот

1 Чын куран 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жакынкы сааттарда жана түштөн кийин катуу шамал болуп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктарды алдын алуу жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн шаар тургундарынан унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону суранат.

Количество просмотров: 258