Шашылыш билдирүү: Көчкү түшүүсү мүмкүн болгон жолдор менен ашуулар…
Шашылыш билдирүү: Көчкү түшүүсү мүмкүн болгон жолдор менен ашуулар…
22 Жалган куран 2022 13:48 Бишкек Govori.TV
2022-жылдын 22-мартынан 23-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон төмөнкү аймактарды атады:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашууда;
Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымы – Ала-Бел ашуусунда;
Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымы Өтмөк ашуусунда;
Ала-Бука – Каныш -Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында;
Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда тагыраагы, 160-179 чакырымында;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында;
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 52-68-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
«Аба ырайынын туруксуздугунан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү …
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу …