Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
20-21-марттарда жана 23-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-21-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
20-21-марттарда жана 23-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.